Казакстан
IMD глобалдык
санариптик
атаандаштык
рейтингинде
64 өлкөнүн
ичинен
34-орунду
ээледи.
Мында
ар бир мамлекеттеги министрликтердин иши бааланат. Кеп мамлекеттик кызматкерлердин
минималдуу
катышуусу
менен
казакстандыктар
колдоно
ала
турган
электрондук
мамлекеттик
кызмат
көрсөтүүлөр
жөнүндө
болуп
жатат.
Бул
тууралуу
Ranking.kz аналитикалык
борбору
билдирди.
Ошентип,
бул
жагынан
эң
алдыңкы
катарды
Юстиция
министрлиги,
андан
кийин
Ички
иштер
министрлиги
жана
Эмгек
министрлиги
ээледи.
«Социалдык багыттагы» мекемелердин алдыңкылары
болуп
саламаттыкты
сактоо
жана
билим
берүү
министрликтери
табылды.
Ал
эми
онлайн
мамлекеттик
кызматтардын
ылдамдыгы
жана
жеткиликтүүлүгү
боюнча
Транспорт
министрлиги
алдыңкы
орунду
ээледи.
Эмгек
министрлигинин
майыптуулукту
аныктоонун
жана
узартуунун
электрондук
тартибин
киргизүү
ата
мекендик
мамлекеттик
органдардын
алдыңкы
санариптик
долбоору
катары
таанылды.
Жыл
башынан
бери
бул
кызматтардын
үчтөн
бир
бөлүгү
онлайн
режиминде
көрсөтүлдү.
Мисалы,
окуу агартуу министрлигинде
10 индикатордун
жарымы
боюнча
натыйжага
окуучунун
санариптик
профили
жана
булут
бухгалтериясы
иштелип
чыгышы
жагынан
жетишилди.
Ички иштер министрлиги өз кезегинде милиция кызматкерлерин видео каттоолор менен 100% камсыз кылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков