Казакстанда көчмө гидроэлектростанция жасалды

Казакстанда көчмө гидроэлектростанция жасалды

Казакстандык ойлоп табуучу Марат Палмахов электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү автономдуу генератор ойлоп тапты. Ал өзүнүн ойлоп табуусун «Түбөлүк кыймылдаткыч» деп атады. Көчмө станция суу менен гана иштейт. Бирок ага көп суу керектелбейт. Кадимки жумушуна кичинекей идишке толгон суу болсо жетиштүү. Бул аппарат токтоосуз иштей алат жана 380 вольтко чейин электр менен камсыз кылат. Оңой ачылып, ийгиликтүү иштеп, кайра тез жыйналат. Ата мекендик ойлоп табуу каалаган объектти, алыскы айылдарды, район борборун электр энергиясы менен камсыздай алат. Мындан тышкары, жер сугарууга да пайдаланууга болот. Марат Палмахов бул генераторду жасоого дээрлик 10 жыл сарптаганы менен, аны 2 жумада чогулткан. Жез, алюминий, болот – 3 металл түрүн колдонгон. Анын айтымында, курулма климаттык шартка карабастан ар кайсы жерде иштей алат.

 

Марат Палмахов, Ойлоп табуучу:

- Ал бир жыл бою күнү-түнү иштей алат. Ошондой эле, климаттык шарттарга да көз каранды эмес. Минус 40 жана плюс 40 болсо дагы иштей берет. Экологиялык жактан таза болгондуктан, аны талаада да, жертөлөдө да иштетүүгө болот. Анткени калдыктары кайра иштетилет.


Ильяс Ахметов, Инженер:

- Азыр биз болгарка, жыгач теше турган бургуну коштук. Ага түрдүү шайманды кошууга болот. Ал эми кубаттуулугун 10 кВттан 100 мегаваттка чейин көбөйтүүгө мүмкүн. Жеке үйдү эле эмес, бир ишкананы, бүтүндөй айылды энергия менен камсыздай алабыз.

 

Казакстандыктын ойлоп табуусу патенттелди. Алдыдагы убакытта өлкө аймагында жаңы долбоорду өндүрүшкө киргизүү мерчемделген. Анын үстүнө чет элдик инвесторлор да кызыгуучулук таанытып жатат. Инженер өз өнүмүнүн чет мамлекеттерде суроо-талапка ээ болоруна ишенет.


 

Которгон: Илгиз Жамалбеков