Казакстандан эми Токиого жана Нью-Йоркко түз учууга болот. Өлкөнүн өкмөтү бул тапшырманы жылдын аягына чейин бүтүрүүнү көздөп жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө борбор калаадан 34 эл аралык багытка үзгүлтүксүз каттамдар бар. Ал эми 2027-жылы бул тизмеге дагы 5 багыт кошулат. Башкача айтканда, Астанадан Лондон, Париж, Рим, Вена жана Сингапур сыяктуу шаарларга түз учууга болот. Ошол эле учурда, Казакстан аркылуу транзиттик каттамдардын көлөмү акыркы 5 жылда 4 эсеге өскөнүн белгилей кетүү керек. Эл аралык жарандык авиация уюмунун маалыматы боюнча, өлкө коопсуздук боюнча алдыңкы 20 өлкөнүн катарына кирди. Муну менен чектелип калууга болбойт. Бул үчүн мамлекет аэронавигациялык инфраструктурасын толугу менен жаңыртууну көздөп жатат. Ошондой эле, учак паркын жаңыртуу пландаштырылууда. Быйыл ал 9 учак менен толукталат. Үчөө буга чейин сатылып алынган. Ал эми 2040-жылга чейин учактардын саны 260тан ашат.
Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
– Транспорт министрлиги ушул жылдын аягына чейин 2050-жылга чейин жарандык авиацияны өнүктүрүүнүн башкы планын бекитүү боюнча чараларды көрүшү керек. Чакан жана аймактык авиацияны, учкучсуз учуучу аппараттарды өнүктүрүү, жаңы альтернативдүү отундарды колдонуунун жана сактоонун алдыңкы технологияларын киргизүү боюнча чараларды көрүү зарыл. Чыгыш Казакстан, Маңгыстау, Костанай жана Павлодар облустарынын акимчиликтери белгиленген мөөнөттөрдү так сактап, Катон-Карагай, Зайсан, Кендерли жана Аркалык аэропортторун быйыл ишке киргизиши керек, ошондой эле Павлодардагы аэропортту модернизациялоону аякташы кажет.
Ошондой эле тармакты санариптештирүү максатында Астана жана Алматы шаарларынын аэропортторунда Q-Gate системасы киргизилди. Бул башкаруу аркылуу өтүү убактысын 3 мүнөттөн 50 секундага чейин кыскартууга мүмкүндүк берди. Быйыл мындай 16 терминал өлкөнүн 4 шаарына орнотулат. Ал эми биометрикалык система пилоттук режимде Астана-Шымкент багытында ишке киргизилет. Жүк ташууга да санариптик технологиялар киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө e-Freight бирдиктүү платформасына 17 аэропорт жана 56 авиакомпания кошулган. Бул процесстерди толугу менен электрондук форматка өткөрүүгө жана аба жүктөрүн иштетүү убактысын бир күндөн бир саатка чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Малик Бердигалиев, «Transinfotech» компаниясынын башкы мүдүрү:
– Санариптештирүү максаттарына жетүүнүн кийинки кадамы – бул бажылык декларациялоо системасында электрондук аба жүк документтерин толук кандуу документтер катары таануу. Бул аба жүктөрүн толугу менен кагазсыз жана автоматташтырылган бажылык тариздөө үчүн шарттарды түзөт, эл аралык логистиканы тездетет. Ошондой эле Казакстандын аймактык авиациялык транзиттик хаб катары атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

