Быйыл өлкөлөр ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган фестиваль республиканын 7 шаарында өтүп жатат. Программанын уюштуруучуларынын арасында бир катар элчиликтер менен катар Француз альянсы бар. Фестивалдын алкагында шаар тургундарына жана конокторуна кино, музыка, көргөзмөлөр жана түрдүү сынактар сунушталды. Эки айга созулган иш-чаранын алкагында Бешинчи Республиканын жаркын жылдызы, джаз ырын аткаруучу Габи Артманн шаар тургундарына жана конокторуна жакшы маанай тартуулап, Франкофония программасын аяктады. Элди таланты менен таң калтыра алган ырчы Казакстанга биринчи жолу келгенине абдан кубанычта экенин жашырган жок. Анын айтымында, бул программа жаңы маданият жана салт менен таанышуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү.
Габит Артман, ырчы:
- Биринчи жолу Борбордук Азияга, тактап айтканда, Казакстанга келип ырдап жатканым мен үчүн чоң бакыт. Биз, артисттер жана өнөр адамдары мурда эч качан аралашпаган маданияттарды тааныштыруу жана байланыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Ошондуктан мен бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып жатканыма кубанычтамын. Маселен, Алматыдагы концерттен кийин симфониялык оркестр менен жолугам. Балким чыгармаларды чогуу аткарабыз. Бул мен үчүн чоң сыймык болмок.
Алекс Бортолан, Казакстандагы Франция элчилигинин маданият жана кызматташтык бөлүм башчысы:
- Быйылкы жылы биз Франциянын маданий борборлору, башкача айтканда, Француз альянсы жайгашкан шаарларда жылдагы салт боюнча чоң маданий иш-чараларды өткөрдүк. Алар: Астана, Алматы, Шымкент жана Караганды. Бирок быйыл башка шаарларга да жол ачууну туура көрдүк. Мисалы, «Яма» маданий борбору менен биргеликте Атырау шаарында сүрөт көргөзмөсүн уюштурдук. Ага келген коноктор көп болду. Мындан тышкары, Өскеменде өткөрүлгөн француз киносунун фестивалы да ийгиликтүү болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков