Казакстандык куткаруучулар өрткө каршы ЖИ-технологияларын колдонушат

Казакстандык куткаруучулар өрткө каршы ЖИ-технологияларын колдонушат

Түндүк Казакстан облусунда талаа аймактарын дрон аркылуу көзөмөлдөө күчөтүлүүдө. Жасалма интеллект менен жабдылган дрондор реалдуу убакыт режиминде абадан мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул өрт коркунучтарына тез жооп кайтарууга шарт түзөт. Өрт сезонунун башталышы менен өзгөчө кырдаалдар кызматтары өз аракеттерин күчөтүштү. Абадан байкоо жүргүзүү жана жасалма интеллект технологиялары өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерине тобокелдиктерди алгачкы этапта аныктоого жана өрттүн жайылышынын алдын алууга жардам берет. Инфракызыл камералар менен жабдылган дрондор өзгөчө натыйжалуу болуп чыкты. Алар түнкүсүн да өрттү аныктай алышат. Түтүн аныкталган учурда, система автоматтык түрдө Ыкчам башкаруу борборуна сигнал берет. Учурда аймакта болжол менен 20 жасалма интеллект менен иштеген дрондор жайгаштырылган жана алар өрт өчүрүүчүлөр үчүн ишенимдүү куралга айланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков