Актауга жакын Азербайжан аба жолдорунун учагынын кыйрашы боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы ушул аптада жарыяланат. Өлкөнүн премьер-министринин орун басары Канат Бозумбаевдин маалыматы боюнча, Казакстан, Азербайжан жана Орусиядан келген серепчилер менен бирге жарандык авиациянын эл аралык уюмунун өкүлдөрү да ишке кошулду.
Канат Бозумбаев, Премьер-министрдин орун
басары:
- ICAOнун стандартына ылайык, авиакырсыктын
алдын ала себептери бир айдын ичинде жарыяланышы керек. Кеп криминалисттик
иликтөө жөнүндө гана эмес, авиациялык бийликтин авиациялык кырсыкты иликтөө тууралуу
да болуп жатат. Өзүңүздөгө маалым болгондой атайын комиссия иштеп жатат. Алардын катарында
Орусия, Азербайжан серепчилеринин катышуусунда болжол менен 17-18 адам. ИКАО,
Бразилиянын өкүлдөру да бар. Алдын ала
болжол жарыяланат. Башкы прокурор, Транспорт прокурору Сулейменовдун жеке
көзөмөлүнүн алкагында кылмыш иши козголду. Анда баллистикалык жана жардыруу-техникалык
экспертизалары жүргүзүлөт. Азыр анда иштер уланууда.
Ошондой эле учак кырсыгынан каза болгон
казакстандыктардын үй-бүлөлөрүнө жардам берилери белгилүү болду. Так сумманы учурда
жергиликтүү акимиаттар аныктап жатышат. Акыркы чечим ушул жумада да кабыл
алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

