44 дипломат жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Бурабайда өткөн Азияда өз ара
аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жылдык веложарышына
катышты. Быйылкы спорттук иш-чара уюмдун катчылыгынын 20 жылдыгына арналды. Дипломатиялык
велосипед жарышы спорт иш-чарасынан тышкары, бейформал диалог, эл аралык
байланыштарды бекемдөө, туруктуу өнүгүү принциптерин жана жалпы баалуулуктарды
жайылтуу үчүн аянтчага айланган. Жарыш салттуу түрдө БУУнун Башкы Ассамблеясы
тарабынан жарыяланган Дүйнөлүк велосипед күнүнө карата өткөрүлдү.
Шайтан араба жарышын Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин катчылыгы, БУУнун Казакстандагы туруктуу координаторунун кеңсеси жана Тажикстандын элчилиги уюштурду.
Абдулазиз Шарифи, Тажикстандын
Казакстандагы элчилигинин өкүлү:
– Бүгүн
биз веломарафондун тең уюштуруучусу катары катышып жатабыз. Биз элчиликтерди,
эл аралык уюмдарды бириктирүү боюнча катчылыктын бардык демилгелерин колдойбуз
жана ар дайым колдоп келгенбиз. Мындай спорттук мелдештерди
уюштуруу аркылуу, жумуш менен катар бириктирген спорттун болушу абдан сонун. Бул
достук веломарафону.
Кеңешменин делегациясы Аккөлдөгү балдар борборуна барды
Азиядагы өз ара
аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме социалдык
долбоорлорго да жигердүү катышат. Мисалы, Астанадагы Жазгы кайрымдуулук
жарманкесинде чогултулган каражаттар Акмоло облусундагы, тактап айтканда Аккөл
шаарындагы жайкы лагердеги балдардын эс алуу шарттарын жакшыртууга жумшалды.
Демилгени бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөр, эл аралык уюмдар, ошондой эле
ишкерлер жана ыктыярчылар жигердүү колдошту. Долбоорлордун алкагында Уюм
мамлекеттер аралык деңгээлде да, элдердин ортосунда да өз ара ишенимди
тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.
Которгон: Назира
Бегалиева

