2024-жылы Казакстандын ИДӨ көлөмү 4,8% түздү. Айыл чарбасында, курулушта, соодада жана транспортто жогорку динамикага жетишилди. Бул жаатта өндүрүш тармагынын өнүгүү темпи жакшы. Ата мекендик өндүрүштүн көлөмү 6% га өстү. Бул сектор атамекендик экономиканын негизги драйвери болууга тийиш. Мамлекет башчынын төрагалыгы алдында өткөн жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Касым-Жомарт Токаев алдыдагы мезгилдеги иштин негизги багыттарын белгиледи. Өкмөт өлкөнүн экономикасын токтоп калуудан сактап, туруктуу өнүгүү үчүн татаал чечимдерди кабыл алышы керек. Мында мамлекет башчысы экономиканы ар тараптандыруунун артыкчылыктуу багыттарын аныктады. Президент бул максаттарда стратегиялык сапаттуу инвестицияларга, геологиялык чалгындоого, ошондой эле инвесторлор үчүн кошумча артыкчылыктарды кароо зарылдыгына өзгөчө токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Өкмөт инвесторду издөө, колдоо жана коргоого байланыштуу бардык иштерди системалуу түрдө жүргүзө турган бирдиктүү экосистеманы түзүшү керек. Бул иш бардык деңгээлдерде, башкача айтканда, региондо, борбордо жана чет өлкөлөрдө бирдей жүргүзүлүшү керек. Мында чет өлкөлүк жана ата мекендик инвесторлорго карата позиция бирдей болууга тийиш. Мамлекеттик колдоону алган компанияларга тиешелүү талаптар коюлушу керек. Алар жумуш орундарын сактап калууга, өндүрүштү жаңылоого тийиш. Ошол эле учурда экологиянын талаптарын кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү.
Президент бир катар технологиялык татаал мунай кендерин экономикалык жүгүртүүгө киргизүүнү тапшырды. Ал эми кызыкдар инвесторлор үчүн Министрлер кабинети мамлекеттик колдоо чараларын караштырышы керек. Ошондой эле региондун атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүү зарыл. Бул үчүн Өкмөт Борбордук Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүсү зарыл. Мамлекет башчысы инфраструктураны өнүктүрүүнүн жаңы деңгээлине чыгарууну дагы бир багыт деп атады. Министрлер кабинетине «Мойынты – Кызылжар» багыты боюнча жаңы темир жолдун курулушун баштоо жана Кызылжар станциясынан Актау портуна чейинки жолду жаңылоо тапшырылды. Тармактын өнүгүшүнө - мультимодалдык транспорттук түйүндөрдү жана автоунаалар үчүн жашыл коридорду ишке киргизүү шарт түзөт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Заманбап технологияларды киргизбестен логистиканы ийгиликтүү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан кампаларды автоматташтыруу, каттамдарды санариптештирүү, транспорттук агымдарды башкарууда жасалма интеллектти колдонуу өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттары болушу керек. Кечиктирилгис иштердин бири-өлкөбүздүн аймагында эл аралык аба хабын түзүү. Биздин ири аэропортторду атаандаштыкка жөндөмдүү эл аралык хабдарга айландыруу үчүн батыл чечимдер кабыл алынышы кажет.
Ошондуктан эскирген Жылуулук электр станцияларын инновациялык көмүр станцияларына алмаштыруу керек. Өлкөдөгү биринчи атомдук электр станциясынын курулушун тездетүү зарыл. Касым-Жомарт Токаев өкмөткө «Самрук Казына» менен биргеликте атом тармагын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү план иштеп чыгууну, ошондой эле парламент менен биргеликте экинчи атомдук станцияны курууга арналган жерлерди сунуштоону тапшырды. Мындан тышкары, Президент жаңы технологиялык этаптын калыптанышында санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошентип, Министрлер кабинети мамлекеттик органдарда жана улуттук компанияларда жасалма интеллект куралдарын ишке ашырууга киришиши керек. Ал эми каржылык жөнгө салуучулар тез арада өлкөдө криптовалюталарды легалдаштыруу жана аларды «сары аймактан» чыгаруу үчүн мыйзамдык базаны түзүү менен алектенишет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

