Сүрөттөр сүйлөйт: Президент телерадио комплекси өзгөчө долбоор сунуштайт

Сүрөттөр сүйлөйт: Президент телерадио комплекси өзгөчө долбоор сунуштайт

Президент телерадио комплекси Жеңиштин 80 жылдыгына карата дагы бир уникалдуу долбоорду колго алды. «Kazinform» маалымат агенттигинин фотоархивинде сакталган согуш жылдарындагы сейрек кездешүүчү сүрөттөр жаңы технологиянын жардамы менен жандырылды. Маселен, бул сүрөт 1941-жылы тартылган, анда казактын баатыр кызы Алия Молдагулова чагылдырылган. Жалпысынан агенттиктин коллекциясында 100 миңден ашык сүрөт бар. Алардын арасында эч жерде жарыяланбагандары да бар. Өткөндү кайра жанданткан уникалдуу долбоор өлкө боюнча темир жол станцияларында жана аэропортторунда жайгашкан LED экрандарда көрсөтүлөт. Анын алгачкы көргөзмөсү бугу айынын 5де Астананын «Нурлы жол» вокзалында ачылат.


Нагашыбек Алдан, Kazinform агенттиги башкаруучу мүдүрүнүн орун басары:

- Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата биз жаңы технологияларды колдонуу менен эски сүрөттөрдү жандандырууга кириштик. Бул деген биздин элге ошол мезгилдин атмосферасын бүгүнкү күндүн көз карашы менен сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жөнөкөй кара түстөгү сүрөт менен салыштырганда эч нерсени сезбеши мүмкүн. Ал эми эгерде аны түстүү кылып, заманбап технологиянын жардамы менен жандандырса, анда карапайым адам ошол эле адамдар дагы бир максатты көздөп, жөнөкөй жашоону каалашканын сезе алат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков