Касым-Жомарт Токаев кезексиз президенттик шайлоону ушул жылдын күзүндө өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчысы Казакстан элине кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, адилеттүү Казакстанды түзүү жолунда фундаменталдуу жана комплекстүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты керек. Касым-Жомарт Токаев ал үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору тураарын баса белгиледи. Мындан тышкары, ал президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн чектөөнү сунуштады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Ошондой эле, мен көп ойлонуп, президенттин ыйгарым укуктарынын санын жана мөөнөтүн кайра карап чыгуу керек - деген жыйынтыкка келдим. Анын бир мөөнөтүн 7 жылдык менен чектөөнү сунуштайм. Бирок кайра шайланууга тыюу салынат.
Касым-Жомарт Токаев келээрки жылы Мажилистин жана Маслихаттын депутаттарына шайлоо өтүп, андан кийин өкмөттүн курамы түзүлөөрүн билдирди. Натыйжада, 2023-жылдын орто ченинде Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт сыяктуу негизги саясий институттардын баары жанданып, жаңыланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков