Түрк
маданиятынын эл аралык уюму өзүнүн 30 жылдыгын белгиледи. Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында
ТҮРКСОЙдун мааракесине арналган «Биз биргебиз» аттуу гала-концерт өттү. Аны Бириккен Улуттар
Уюмунун илим, маданият жана билим берүү маселелери боюнча Казакстандын,
Азербайжандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркиянын жана Түркмөнстандын
ЮНЕСКО алдындагы Туруктуу өкүлчүлүктөрү биргелешип уюштурган. Иш-чарага катышуу үчүн 7 өлкөдөн 70 артист
келди. Кечки программада казак өнөрпоздору «Кара жорго» сыяктуу элдик бийлерди
жана Курмангазы Сагырбай уулунун «Балбырауын», Латиф Хамидинин «Булбул» сыяктуу
түрк өлкөлөрүнүн белгилүү композиторлорунун керемет чыгармаларын аткарышты. «Сазген сазы»
фольклордук-этнографиялык ансамбли жана «Казына» бий тобу да көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Өз
кезегинде ЮНЕСКОнун башкы мудүрүнүн орун басары ТҮРКСОЙдун түрк тилдүү элдердин
дүйнөлүк цивилизацияга кошкон зор салымын даңазалоодо ролун белгилеп, мааракени
Парижде белгилөө – эл аралык коомчулук тарабынан бул ролдун таанылгандыгын
билдирерин белгилеп өттү.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков