Казакстанда Франкофон кино жумалыгынын алкагында француз тилинде 20га жакын мыкты тасмалар көрсөтүлөт. Иш-чара чын куран айынын 2нен 10на чейин өлкөнүн 6 шаарында өтөт. Салттуу Франкофон-жазы маданий сезонунун ачылышынын алкагында уюштурулуп жаткан кинофестивалдан тышкары, бир айлык концерттер, көргөзмөлөр, конференциялар жана маданият ишмерлери менен жолугушуулар болот. Мындан тышкары Борбор Азиянын беш өлкөсүндө француз тили боюнча сынактар уюштурулат. Ага катышуу акысыз. Белгилей кетсек, Франкофон жазы-2022 фестивалына бир нече дипломаттар катышат. Атап айтканда, Франция, Бельгия, Египет, Канада, Ливан, Марокко, Румыния жана Швейцария элчиликтери.
Дидье Канесс, Франциянын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Фестиваль Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Караганды, Өскемен жана Костанай шаарларында өтөт. Мурунку жылдардагыдай эле биздин максатыбыз – француз тилинин жана франкофон маданиятынын көп түрдүүлүгүн көрсөтүү. Ошол эле учурда жалпы эл үчүн түрдүү кызыктуу программаларды түзүүгө аракет кылдык. Франкофониянын көп түрдүүлүгүн таанытуу, анткени азыр ал чоң үй-бүлөдөн турат. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 321 миллион адам француз тилинде сүйлөйт. Тилдин таралышы боюнча 5-орунда. Бул сан азыр өсүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков