Казакстанда көк бөрү тарткан кыздардын катары көбөйүүдө

Казакстанда көк бөрү тарткан кыздардын катары көбөйүүдө

Казактын улуттук оюну көк бөрүгө катышып, эркектер менен тең тайлашкан кыз-келиндердин саны өсүүдө. Алардын бири Каскелендик Ева Жигалина. Ал 6 жашынан атка минип чоңойгон чабандес. Көк бөрү оюнуна 15 жашынан бери катышып келет. Учурда Ева Карасай жана Жамбыл райондорунун жигердүү оюнчуларынын бири.

Ева Жигалина, көк бөрү оюнчусу:

– Менин жашоомдо жылкынын орду өзгөчө. Көк бөрүдө чапканда эч кимден калышпайм. Атка мингенде өзүмдү кадимкидей күчтүү сезем. Өзүмө болгон ишенимим артат.

Ат жалында ойноп чоңойгон кыз бүгүнкү күндө казактын улуттук оюну болгон ат чабыш, көк бөрү менен алектенет. Жолдошу экөө күлүктөрдү Орусиядан, Европадан жана Азиядан алып келишет. Учурда чабандестердин чарбасында 10дон ашык асыл тукум жылкылар бар.

Тельман Мусаев, ат таптоочу:

– Мен бул киши менен таанышкан учурда ал эчак эле көк бөрү ойноп жүргөн экен. Бул анын сүйүктүү хоббиси, мындайча айтканда. Буга жанында көк бөрү тартып жүргөн жигиттер каршы эмес. Тескерисинче колдойт. Ал атты абдан жакшы көрөт.  

Ева улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө бардык күчүн жумшап келет. Ал жакынкы келечекте кесипкөй атчан спорт мектебин ачууну пландап жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков