Казакстандык сахна чеберлери Сеулда өнөр көрсөттү

Казакстандык сахна чеберлери Сеулда өнөр көрсөттү

Казакстандык сахна чеберлери Сеулда концерт коюшту. Артисттер чет өлкөлүк көрүүчүлөрдүн назарына Чеховдун «Чайка» пьесасын сунушташты. Спектаклдин ийгиликтүү чыгышына эки өлкөнүн продюсерлик топтору катышты. Спектакль күн чыгыш өлкөсү менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына жана Алматы корей театрынын 90 жылдыгына арналды.

Ли Джа Хён, Корея тышкы иштер министрлигинин департамент мүдүрү:

- Салттуу жана заманбап мамиленин айкалышы динамикалуу түрдө көрсөтүлгөн. Чеховдун классикалык «Чайка» спектакли театралдык декорация менен толукталып, эң сонун динамикалуу чыгарма жаратты. Классикалык окуунун маани-маңызы сакталып калды, бирок заманбап ыкманын жардамы менен көрүүчүлөргө чоң таасир калтырды.

Елена Ким, Мамлекеттик республикалык академиялык корей музыкалык комедия театрынын мүдүрү:

- Бул биздин Кореяга биринчи сапарыбыз эмес. Бирок коомчулук биринчи жолу ушундай жылуу тосуп алды. Ошондой эле биз биринчи жолу орус тилинде ойноп чыктык. Бул да бир жаңылык болду. Көпчүлүгүнө жакты. Аларды биздеги корейлердин орусча сүйлөгөнү таң калтырды. Ал эми Казакстан көп улуттуу өлкө экендигин, бир нече тилде сүйлөөрүбүздү айттык.

Кошумчалай кетсек, казак актёрлору KomAnaRu эл аралык театр фестивалына катышууда. Ал Конджу шаарында теке айынын 2си 10у күндөрү аралыгында өтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков