Жамбыл облусундагы аскердик кампада болгон жарылуудан 5 адам каза болду. Учурда жарылуунун себеби такталып жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаал боюнча атайын уюштурулган брифингде коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдирди. Дайынсыз жоголгондор да бар. Ондогон адамдар медициналык жардамга кайрылышкан. 60ка жакын адам жеңил жаракат алып, үйлөрүнө жөнөтүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, ооруканада 28 адам жатат. Алтоонун абалы оор. Буга чейин мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев тургундарды сабырдуулукка жана сак болууга чакырган. «Өрттүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Куткаруучулар, аскер кызматкерлери, дарыгерлер жана бардык тартылган адамдар жигердүү иштеп жатышат. Тилекке каршы, жабыркагандардын саны өсүүдө. Бирок кырдаал көзөмөлдө. Тараз шаары, ошондой эле айылдардын тургундары сабырдуу жана сак болушу керек», - деп жазды президент Твиттердеги баракчасына. Учурда окуянын кесепеттерин жоюуга 100дөн ашык аскер кызматкери жана 25 аскер техникасы тартылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков