Казакстандыктардын 70% ашыгы Курултай
депутаттарын шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн бардык
аймактарында жүргүзүлгөн Евразия интеграция институтунун изилдөөсүнүн
жыйынтыктары көрсөтүп турат. Социологиялык сурамжылоого 1600дөн ашык адам
катышкан. Изилдөө жарандардын Курултай шайлоосуна болгон кызыгуусун жогору
экендигин көрсөттү. Респонденттердин көпчүлүгү шайлоо участкаларына барууга даяр
экендигин билдиришсе, дагы 14% чечим
кабыл ала элек. Электоралдык артыкчылыктардын лидери болуп «Адилет» партиясы табылды –
сурамжылоого катышкандардын
дээрлик 62% ага
добуш берүүгө даяр. Андан кийин «Айыл»,
Respublica жана «Ак жол» партиялары турат. Серепчилердин айтымында, саясий
партиялардын жигердүү ишмердүүлүгүнүн аркасында жарандардын шайлоого болгон
кызыгуусу күчөдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

