Казакстан аймактык авиацияны трансформациялоодо алдыңкы орунга чыкты. Мындай пикирин Казинформ Эл аралык маалымат агенттинине Эл аралык жарандык авиация уюмунун кеңешинин президенти Сальваторе Шаккитано эксклюзивдүү интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, биздин өлкө авиациялык коопсуздук жаатында ICAOнун стандарттарына шайкештиктин жогорку деңгээлине чыкты. Андан тышкары, республика тармакты өнүктүрүүдө бир топ ийгиликтерге жетишти. Буга, албетте, бул тармактагы масштабдуу реформа өбөлгө түздү. Ошондой эле спикер Казакстан аймактык деңгээлде эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде да негизги транспорттук хаб позициясын ээлей аларын баса белгиледи. Бул үчүн Европа менен Азия-Тынч океан аймагынын ортосундагы ыңгайлуу географиялык жайгашуу түрүндө бардык шарттар бар. Бул аба каттамдарын кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Мындан тышкары, казакстандык авиациялык ташуулар рыногунун жагымдуулугун жогорулатуу үчүн Казакстан «ачык асман» деп аталган саясатты ишке ашырууда. Ошол эле учурда улуттук ташуучу да туруктуу өсүштү жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык ишенимдүү өнүгүүнү көрсөтүүдө.
Сальваторе Шаккитано, ICAOнун президенти:
- Казакстандын жарандык авиация
тармагындагы ийгиликтери бүгүнкү күндө бүткүл аймак үчүн үлгү болуп саналаарын
өзгөчө белгилегим келет. Мурда аймак Европанын жетилген авиация рыногу менен
тез өнүгүп жаткан Азия-Тынч океан аймагынын ортосунда экинчи ролду ойноп
келген. Бирок абал өзгөрүүдө: жүргүнчүлөрдүн агымы туруктуу рыноктордон өнүгүп
келе жаткан өлкөлөргө жылып жатат. Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын болжол менен
20% гана саякаттоого мүмкүнчүлүгү бар, бул жеткиликтүүлүктүн чектелүүсү жана
авиабилеттердин баасы менен байланыштуу. Келечекте трафик Борбордук Азия
сыяктуу аймактарга көбүрөөк жылат.
Которгон: Назира Бегалиева

