Казакстандын Президенти Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчысы Жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк конференцияга катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасын Кытай Коммунисттик партиясынын 105 жылдыгы менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев Казакстан Кытай Эл Республикасы менен түбөлүк жана стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи. Президенттин айтымында, соода-экономикалык чөйрөдө чоң ийгиликтерге жетишилген. Эки тараптуу сооданын көлөмү 49 миллиард долларга чейин көбөйүп, өлкө экономикасына салынган инвестиция 30 миллиардды түздү. Өнөр жай, энергетика, газ химиясы, унаа жасоо жана айыл чарба тармактарында ири биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Мамлекет башчысы эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлине да көңүл бурду. Өлкөлөр глобалдык туруктуу өнүгүү жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча окшош позицияларды карманышат. Өз кезегинде, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Кытай менен Казакстандын ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи. Мындан тышкары, алар өнүгүү үчүн олуттуу дараметти сактап турушат. Си Цзиньпин ошондой эле Казакстандагы өзгөрүүлөрдү жогору баалап, Касым-Жомарт Токаевди жаңы Конституцияны кабыл алынгандыгы менен куттуктады. Жолугушуунун жыйынтыгында Казакстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосунда 2027-2030-жылдарга соода-экономикалык кызматташтык программасы жана жол картасы боюнча документтерге кол коюлду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

