Астанадагы аффинаж заводуна жасалма интеллект технологиялары киргизилүүдө

Астанадагы аффинаж заводуна жасалма интеллект технологиялары киргизилүүдө

Казакстандык ишканалар өндүрүштөргө жасалма интеллект чечимдерин активдүү киргизип жатышат. Алсак, өлкөдөгү жылына 50 тоннага чейин алтынды кайра иштеткен эң ири аффинаж заводунда жасалма интеллект технологиялары жабдуулардын бузулуп калуу коркунучун алдын ала аныктоого мүмкүндүк берет. Ал эми борбордук заводдо баса белгилешкендей, бул оңдоого кеткен чыгымдарды азайтып, өндүрүштүн токтоп калышына жол бербейт.


Зекаил Тюлюбаев, «Тоо-Кен Алтын  ЖЧКнын техникалык мүдүрү:

– Бүгүнкү күндө биз жабдууларды алдын-ала тейлөө боюнча жасалма интеллект долбоорун ишке ашырып жатабыз. Пилоттук долбоорубуз ушул жылдын башында аяктады, азыр биз бул системаны өнөр жайлык деңгээлде сатып алып, жылдын аягына чейин толугу менен орнотууну пландап жатабыз.


Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулуктары да модернизацияланды. Жаңы электролиз ванналары орнотулгандан кийин, заводдун кубаттуулугу дароо эки эсеге жогорулады. Ал эми электролиздин негизги процесстерин автоматташтыруу — өндүрүш параметрлерин реалдуу убакыт режиминде компьютерге чыгаруу операторго бүтүндөй циклди дээрлик кийлигишүүсүз көзөмөлдөөгө шарт түзөт.


Электрохимиялык процесстер металлды жогорку деңгээлде тазалоого мүмкүндүк берет. Чийки зат заводго 40тан ашуун ата мекендик жеткирүүчүлөрдөн келип түшүп, андан кийин ал бир нече кайра иштетүү этаптарынан өтүп, 12 килограммдык алтын банктык куймага айланат.


Айгерим Акимжанова, атайын кабарчы:

– Менин артымда өндүрүш процессинин акыркы этабы өтүп жатат, дал ушул жерде тазалыгы 99,99% болгон алтын куймалары маркаланып, таразаланат. Андан кийин алар атайын идиштерге салынып, өлкөнүн алтын-валюта резервдерин толуктоо үчүн Казакстандын Улуттук банкына жөнөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков