Казакстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө

Казакстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин Казакстан менен Орусиянын президенттери ЖМК өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрүштү. Тараптар сүйлөшүүлөр ишкер жана конструктивдүү маанайда өткөнүн жана стратегиялык макулдашууларга жетишилгенин белгилешти. Мамлекет башчысынын айтымында, энергетиканы кызматташуунун абдан ийгиликтүү багыты катары баса белгилөөгө толук негиз бар. Муну Балхаш атомдук электр станциясын куруу боюнча кол коюлган келишимдер дагы бекемдейт. Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Президентинин мамлекеттик сапарын чоң ийгилик деп атап, ал эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин тарыхына өзгөчө маанилүү окуя катары кирерине ишеним билдирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Кол коюлган документтер жана жетишилген келишимдер казак-орус өнөктөштүгүнүн маңызын чагылдырат — достук жана жакшы коңшулук салттарын коомдук турмуштун бардык тармактарында өнүгүүгө өз ара умтулуу менен айкалыштыруу. Жыйынтыктап айтканда, мен Орусия Федерациясынын Президентине казак-орус мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон тарыхый салымы үчүн дагы бир жолу чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздин мамлекеттик сапарыңыздын жыйынтыктары биздин көп кырдуу мамлекеттер аралык кызматташуубуздун уникалдуу мүнөзүн тастыктаганын чоң канааттануу менен баса белгилегим келет.


Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:


– Биз саясат, экономика жана маданий-гуманитардык мамилелер жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин кылдат талкууладык, ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелерге токтолдук. Орусия менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын бардык спектрин чыңдоо боюнча артыкчылыктуу максаттарды белгилеген биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Ошондой эле ар кандай тармактарды камтыган бир катар маанилүү өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коюлду.


Казакстан менен Орусиянын президенттерине металлургия, мунай-химия жана унаа жасоо сыяктуу тармактардагы биргелешкен өнөр жай кызматташуу долбоорлору да көрсөтүлдү. 10 миллиард долларлык дагы 24 долбоор ишке ашырылууда. Казакстан менен Орусиянын лидерлери ошондой эле «Астана-Москва» пилотсуз жүк ташуучу каттамынын ишке киришине күбө болушту. Дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу жүк ташуучу унаалар эки күндө дээрлик 3000 чакырым жол жүрүп, жол жүрүү убактысын эки эседен ашык кыскартты. Лидерлерге ошондой эле Амур жолборсторун адаптациялоо боюнча долбоору көрсөтүлдү. Мурда жетишилген келишимдердин алкагында орус тарап төрт жолборсту өткөрүп берди. Алар Иле-Балхаш коругуна коё берилди. Андан тышкары, мамлекет башчылары Астанадагы «Сириус» мектебинин курулушуна онлайн режиминде старт беришти. Бул билим берүү жайы инновациялык тармактар үчүн жаңы муундагы атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков