Казакстандын Президенти Шанхайда
өткөн Дүйнөлүк жасалма интеллект конференциясынын ачылыш аземине катышты. Сөз
сүйлөп жатып Касым-Жомарт Токаев форум Кытайдын жасалма интеллект тармагындагы
көрүнүктүү жетишкендиктерин чагылдырып турарын белгиледи. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү
жасалма интеллект чечимдери боюнча патенттердин көбү кытайлык иштеп
чыгуучуларга таандык. Мамлекет башчысы «Жасалма интеллект ийгилик үчүн, бардыгы үчүн»
концепциясын колдоп, КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин стратегиялык көз карашын
жогору баалады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– 2029-жылдын тогуздун айында Кытай өлкөнүн 80 жылдыгын
белгилейт. 80 жыл – бул адамдын толук өмүрү, жана бул убакыттын жарымында Кытай
саясий, экономикалык толкундоолордун кесепеттери менен күрөштү. Ал эми болгону
40 жылдын ичинде Кытай өнүгүүдө укмуштуудай ийгиликтерге жетишип, жакырчылык
көйгөйүн толугу менен жеңип, супер жогорку технологияларды камтыган кеңири
диверсификацияланган экономикасы бар дүйнөлүк державага айланды.
Жасалма интеллект экономиканын, сооданын жана глобалдык өз ара байланыштын
келечегине чечүүчү таасирин тийгизген тармакка айланууда. Алсак, 2033-жылга
чейин жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк рыноктун көлөмү дээрлик 5 триллион
долларга жетет деп күтүлүүдө. Ошондуктан, Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, жасалма
интеллект технологияларын башкаруу комплекстүү болуп, бүткүл чынжырды камтышы
керек. Жарым өткөргүчтөрдөн, маалымат борборлорунан баштап, этика, билим берүү
жана адамдын кадыр-баркын коргоого чейин.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Жасалма интеллект адамдын чебер
жана акылдуу башкаруусунда калышы керек. Дал
ушундан улам, Казакстан Жасалма интеллект чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча
бүткүл дүйнөлүк уюмду түзүү чечимин тарыхый мааниге ээ деп эсептейт. Бул уюм жасалма интеллекти башкаруунун универсалдуу архитектурасынын пайдубалы боло
алат деп ишенем. Ал бүткүл адамзаттын гүлдөп-өнүгүшү жана коопсуздугун камсыз
кылуу үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык куралы болушу керек.
Казакстандын Президенти Астанада Жасалма интеллект
чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча дүйнөлүк уюмдун алгачкы отурумун өткөрүүнү
жана Борбордук Азия үчүн аймактык өкүлчүлүктү өлкөдө жайгаштырууну сунуштады.
Мындан тышкары, уюмдун колдоосу астында жасалма интеллект чечимдери жаатында
тажрыйба алмашуу үчүн мектептердин жана борборлордун эл аралык тармагын
түзүүнү, ошондой эле жасалма интеллект тармагындагы стандарттарды, этиканы
жөнгө салуу жана өнүктүрүү үчүн эксперттик платформаны түзүүнү көздөйт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз «Казакстан-Кытай санариптик көпүрөсү» демилгесин ишке киргизүүнү сунуштайбыз, анын негизги максаты санариптик сооданы өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында санариптик экономикаларды интеграциялоонун практикалык моделин түзүү. Биз кайра иштетүү сектору, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо жана суу ресурстарын башкаруу сыяктуу тармактарда жасалма интеллектти коопсуз жана кеңири масштабда киргизүүнү тездетишибиз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

