Жумушчу кесиптер жылында казакстанда эл аралык ири иш-чаралар өтөт

Жумушчу кесиптер жылында казакстанда эл аралык ири иш-чаралар өтөт

Атырау облусунда 4,5 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда. Бул жакынкы 5 жылга арналган план. Белгилей кетсек, жумушчу адистиктер жылынын алкагында аймакта жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун масштабдуу программасы ишке киргизилет. Атап айтканда, бул мунай-химия жана унаа жасоо тармактарына тиешелүү. Мындан тышкары, жаштар үчүн иш тажрыйбасы мол, жогорку квалификациялуу адистерди тартуу менен мастер-класстар жана өндүрүштүк практика уюштурулуп, облуста башка иш-чаралар иштелип чыгат.


Марат Абуов, Атырау облусу билим башкармасынын жетекчиси:


- Муну менен катар, инфраструктураны жаңылоо, студенттерди жатаканалар менен камтуу багытында, кызматкерлердин коомдогу кадыр-баркын жогорулатуу сыяктуу бир нече багыттар боюнча чоң иштер пландаштырылган. Мындан тышкары, мектептер менен байланыш боюнча, башкача айтканда жаш кезинен балдардын компетенцияларын жана жөндөмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле багыт берүү боюнча чоң иштер башталды.


Борис Зиганшин, «ТЕКСОЛТРАНС» ЖЧКсынын башкы мүдүрү:


- Биз бир катар билим берүү мекемелери, колледждер, ЖОЖдор менен келишим түздүк. Жаштарды Атырау вагон курулуш заводунун заманбап станоктук жабдууларында иштөө көндүмдөрүн үйрөнүүгө, кесипти өздөштүрүүдө тажрыйба алууга чакырабыз.


Казакстанда жумушчу адистиктер жылында түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт


2025-жылы Казакстанда жумушчу адистиктер жылына арналган 12 ири республикалык жана эл аралык иш-чаралар өтөт. Астана биринчи болуп бирдин  айында «EXPO» көргөзмө борборунда «жумушчу кесиптердин шаары» фестивалын өткөрөт. 5 күндүн ичинде коноктор келечектеги кесиптер жана келечектүү инновациялык технологиялар менен тааныша алышат. Уюштуруучулар бир нече павильондорду ачууну көздөп жатышат. Ал жерден өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторундагы талап кылынган багыттар тууралуу да билүүгө болот. Ошондой эле, бул жылы Борбор Азия регионунун өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык форум, республикалык «INNOVATION» хакатону жана Актауда кесиптик чеберчилик боюнча «TURKICSKILLS» чемпионаты өтөт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков