Быйыл Астана эл аралык форуму өтөт.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Олжас Бектенов кол койду. Эскерте кетсек,
2024-жылы Казакстанда суу ташкынына байланыштуу иш-чара токтотулган. Астана эл
аралык форуму-Евразия мейкиндигиндеги эң ири диалог аянтчаларынын бири. Анда
өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын, ишкер жана илимий
чөйрөлөрдүн өкүлдөрү эл аралык күн тартибиндеги негизги маселелерди, атап
айтканда тышкы саясат, экономика, каржы, коопсуздук, туруктуу өнүгүү,
энергетика жана климат маселелерин талкуулашат. Бул дүйнөлүк коомчулукка
глобалдык чакырыктарга каршы күчтөрдү бириктирүүгө жана өнүгүүнүн жаңы келечектерин
сунуштоого мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

