К. Токаев Таиланд жана Камбоджанын Премьер-министрлери менен жолугушууларды өткөрдү

К. Токаев Таиланд жана Камбоджанын Премьер-министрлери менен жолугушууларды өткөрдү

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Тайланддын Премьер-министри Анутин Чарн-вира-кул менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү келечегин талкуулады. Жолугушуу Шанхайда өткөн жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк конференциянын алкагында өттү. Мамлекет башчысы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жогорку дараметин белгилеп, Тайландды Казакстандын Түштүк-Чыгыш Азиядагы негизги өнөктөштөрүнүн бири деп атады. Бул жылдын алгачкы төрт айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 76% өсүп, 110 миллион доллардан ашты. Казакстандык айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтүү көрсөткүчтөрдүн мындан ары өсүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн. Тараптар санариптештирүү жана туризм чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүгө да кызыкдар экендигин билдиришти. Касым-Жомарт Токаев Тайланд өкмөт башчысын Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Мындан тышкары, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Камбоджанын Премьер-министри Хун Манет менен да жолугушту. Тараптар текстиль жана тамак-аш өнөр жайы, курулуш, транспорт жана логистика тармактарында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү аркылуу товар жүгүртүүнү көбөйтүүнү көздөшүүдө. Мындан тышкары, өлкө санариптештирүү жана электрондук өкмөттү өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга даяр. Өз кезегинде, Камбоджа тарабы эки өлкөнүн өкмөттөрү жана ишкер чөйрөлөрү ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Жолугушуунун соңунда Хун Манет Казакстандын президентин Камбоджага иш сапары менен келүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков