Быйыл көз карандысыз Казакстандын Баш мыйзамына 30 жыл толот. 1993-жылы биринчи Конституция кабыл алынган. Бирок 1995-жылы жалпы элдик референдум аркылуу өлкөнүн азыркы башкы документи бекитилген. Акыркы түзөтүүлөр мындан 3 жыл мурун киргизилген. Референдум аркылуу Конституциянын үчтөн бир бөлүгү өзгөртүлдү. Казакстан суперпрезиденттик башкаруу формасынан күчтүү парламенти бар президенттик формага өттү.
Аман Мамбеталиев, саясат
таануучу:
- Биз азыртан эле бул реформалардын
жемишин мыйзам чыгарууга жеткиликтүүлүктөн көрүп жатабыз, жаңы партиялардын
саны көбөйүп, атаандаштык жаралды. Экинчи жагдай – бир мандаттуу мүчөлөрдүн
мүмкүнчүлүгүнүн пайда болушу. Бул куралдардын баары биздин өнүгүүнүн
демократиялык жолуна өтүүгө умтулуубузду көрсөтөт.
Түзөтүүлөр өзгөчө
административдик системадагы укуктук тармакты кеңири камтыды. Адам укугу боюнча
ыйгарым укуктуу өкүлдүн макамы бекитилди. Конституциялык сот түзүлдү.
Үнзила Шапак, Парламент
Мажилисинин депутаты:
- Омбудсмен Конституциялык сотко
кайрылуу укугуна ээ болду. Демек, эми биздин көзөмөлүбүз боюнча, Конституциялык
сотко кайрылуу фактылары бар. Демек, белгилүү маселелер боюнча адам укугун
коргоо механизми күчөтүлүп жатканын байкайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

