Инвестициялык тартымдуулугу жогору ТОП-10 мамлекет

Казакстан инвестициялык тартымдуулугу жогору 10 өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты fDi Intelligence эл аралык агенттигинин серепчилери жарыялашты. Алар макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, тартылган каражаттар менен тике чет өлкөлүк инвестициялардын багыттарын талдап көрүштү. Казакстан рейтингде Азербайжан, Марокко, Сербия жана Индия сыяктуу өлкөлөрдөн озуп, 6-орунга чыкты. Рейтингде Камбоджа алдыда. Жалпысынан алганда, бул инвестициялык талдоо Африка, Жакынкы Чыгыш, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн көрсөткүчтөрүн салыштырган. Талдоочулардын айтымында, Азия ири бизнес өкүлдөрү үчүн дүйнөнүн эң кызыктуу бөлүгү. Себеби рейтингде алдыңкы 10го Сары континенттин 6 өлкөсү кирди. Казакстан бул топтогу көрсөткүчтөрүн жакшырта алат. Себеби, өлкөнүн инвестициялык саясаты эффективдүү жүргүзүлүп жатат. Маселен, салык мыйзамдары жаңыланып, ишкерлердин укуктарын коргоо жолго коюлган. Насыялык рейтинг Fitch, Moody's, Standard and Poor's сыяктуу башка эл аралык агенттиктер тарабынан тастыкталган. Казакстан Борбор Азияда түз инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы орунда турат. Чет элдик каражаттардын 70%ы Казакстанга таандык. 2022-жылы өлкөгө тартылган инвестиция 20 пайызга өсүп, 28 миллиард долларга чейин жетти.

Жандос Темиргали, «KAZAKH INVEST» УК башкарма төрагасынын милдетин аткаруучу:

- Бул жаатта албетте, Казакстан менен көптөн бери кызматташып келе жаткан өлкөлөр алдыңкы орунда. Алар: АКШ, Кытай, Европа Биримдиги өлкөлөрү. Бул мамлекеттерден тышкары салттуу өнөктөшүбүз болгон Түркия сыяктуу өлкөлөр да бар. Мындан тышкары Египет менен биздин кызматташтык мамилелерибиз акыркы жылдарда жакшы өнүгүп келе жатат. Тагыраак айтсак, агроөнөр жай комплексинде жана фармацевтика тармагында эффективдүү кызматташууга жетишип жатабыз.

Жалпысынан 2023-жыл «Kazakh Invest» өкүлдөрүнүн айтымында,  инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү менен эсте калары шексиз. Чет элдик ишкерлер казакстандык долбоорлорго чоң кызыгуу көрсөтүштү. Алар чийки зат менен гана чектелбестен кайра иштетүүчү өнөр жай, айыл чарба, мунай-химия, логистика тармагында да иштөөгө ниет билдирүүдө. Чет элдик инвесторлорду тартуунун кошумча факторлорунун бири Казакстандын эффективдүү географиялык жайгашуусу экенин эстен чыгарбоо керек. Себеби, бул Европа менен Азияны байланыштырган транспорттук түйүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков