ШКУ: Казакстан-Өзбекстан. Туризмди жана спортту өнүктүрүү

Алматы шаарындагы Шанхай Кызматташтык Уюму өлкөлөрүнүн жыйынынын негизги максаты - спорт менен туризмдин дараметин өнүктүрүү. Казакстандын демилгеси менен уюмдун 2024-2025-жылдарга туризм тармагындагы биргелешкен планы иштелип чыгып, кабыл алынган. Анда 20га жакын иш-чара камтылган. Документте инфраструктураны жакшыртуу, туристтик суроо-талапты стимулдаштыруу, саякатчыларды тейлөөнү жакшыртуу жана аймактагы туристтик багыттарды алдыга жылдыруу боюнча чаралар каралган. Ошондой эле ар бир өлкө уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды сунуштоо менен өз салымдарын кошот.

Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри: 

– Биздин министрликтин алдында Эл аралык туризм жана меймандостук университети иштейт. Ал Түрк дүйнөсүнүн руханий туристтик борбору болгон Түркестан шаарында жайгашкан. Алдыдагы академиялык жылында биз ар бир өлкөдөн 2ден өкүлдүн демилгесин артыкчылыктуу түрдө кабыл алууга даярбыз. Биздин демилге эл аралык кызматташтыкты чыңдоого салым кошот деп ишенем. Кошумчалай кетсек, ШКУнун алкагында уюмдун туризм жана маданий борбор долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алматы бул макамды кийинки шаарга берүүгө даяр. Биз өз тарапыбыздан КЭРдагы Циндао шаарынын ШКУнун туризм жана маданий борбору катары талапкерлигин колдоого даярбыз.

Ермек Маржикпаев өз сөзүндө спорт тармагы ШКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри: 

– Бүгүн, бул жолугушуунун жүрүшүндө биз өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө, дене тарбия жана спорт тармагын мындан ары өнүктүрүү боюнча өз пикирибизди айтууга өзгөчө мүмкүнчүлүк алдык. Биз биргелешип, спорттун күн тартибин уюм ичинде гана эмес, дүйнөлүк деңгээлде калыптандыра алабыз.

Казакстан менен Өзбекстан бай маданий мурастарга ээ. Өзбекстандын министри Азиз Абдухакимов туризм тармагындагы биргелешкен долбоорлор тажрыйба алмашууга салым кошорун белгиледи.

Азиз Абдухакимов, Өзбекстан РеспубликасынынЭкология, айлана чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча министри:

– Биринчиден, бул иш-чараны мыкты уюштурганы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирем. Жакында Казакстан Республикасынын Президенти, урматтуу Касым-Жомарт Токаевдин Хива шаарына болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчыларынын достук сүйлөшүүсүн көрдүк. Ал эми кесиптешим Ермек Боранбай уулу менен биргеликте келечекке пландарды, конкреттүү тапшырмаларды алганыбызды белгилегим келет. Бизге Өзбекстан менен Казакстандын бирдиктүү туристтик кластерин түзүү милдети коюлган. Ошентип биз биринчи кадамды жасайбыз. Алдыдагы убакытта ШКУнун башка өлкөлөрү да бизге кошулат деп ишенебиз. Биз жаңы транспорттук-логистикалык коридорлорду түзүүнү, анын ичинде Улуу Жибек жолу аркылуу кербен сарайлар тармагын түзүү демилгесин көтөрдүк. Алар ар кандай туристтик багыттарды байланыштыра алышат. Өзбекстан жаңы трансчек аралык туристтик өнүмдөрдү түзүү боюнча кошумча демилге көтөрдү. Маселен, Өзбекстандын маданий-агартуу туризмин Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жаратылыш ресурстары менен эффективдүү айкалыштырууга болот. Тактап айтканда, бул көчмөн туризми жана жаратылыш сейил бактары туризми. Бул чынында эле глобалдык иш-чара. 

Казакстан уюмга кирген дээрлик бардык өлкөлөр менен визасыз режим орноткон. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Казакстанга келген чет элдик туристтердин 62 пайызы Шанхай кызматташтык уюмунун жарандары. Жыйындын жүрүшүндө туризм жана спорт министри Ермек Маржыкпаев Кытайдын, Ирандын жана Орусиянын тиешелүү мекемелеринин жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. КЭРдагы кесиптеши Гао Джидан менен кызматташуу жана 2025-жылкы Кышкы Азия оюндарына катышуу маселеси талкууланды. Алматыда өткөн ШКУнун жыйынынын жыйынтыктоочу документи 2024-2025-жылдарга туризм боюнча биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюу болуп саналат. 

Ермек Маржыкпаев, Туризм жана спорт министри: 

– Учурдан пайдаланып, ушул жылдын аяк оона айынын 8-13-аралыгында биздин өлкөдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрүн айткым келет. Ал борбор калаада 100 миңден ашуун саякатчыларды чогулткан ири туристтик иш-чара болуп саналат. Сиздерди борбор шаарыбыз Астанада уникалдуу долбоордун ишке ашырылышын өз көзүңүз менен көрүп, чоң таасир алууга чакырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков