КЭАнын сессиясы онлайн-форматта өтөт

КЭАнын сессиясы онлайн-форматта өтөт

Казакстан эли ассамблеясынын сессиясы бир катар аймактардагы суу ташкынына байланыштуу онлайн-форматында өтөт. Ал эми ассамблеянын аймактык мүчөлөрү иш-чарага видеоконференция аркылуу катышат. Мындай чечимди мамлекет башчысы бүгүн КЭАнын төрагасынын жаңы дайындалган орун басарлары - Юрий Шин жана Лугмар Буларов менен болгон жолугушууда билдирди. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев  Ассамблеянын 33-сессиясына даярдыктын жүрүшү тууралуу жыйынтык маалымат укту. Мындан тышкары, ал табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө КЭАнын салымы чоң экенин белгиледи.


Которгон: Илгиз Жамалбеков