Казакстанда
Starlink компаниясынын интернети расмий түрдө ишке кирди. Төмөн орбиталуу
спутниктер өлкөнүн эң алыскы аймактарында да жогорку ылдамдыктагы жана туруктуу
байланышты камсыздайт. Спутниктик интернетке каалаган адам кошула алат.
Санариптик өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, байланыштын орточо ылдамдыгы
секундасына 100 мегабитке жакын, бирок аба ырайынын шарттарына жараша өзгөрүшү
мүмкүн. Эске салсак, Starlinkти республикада тестирлөө 2024-жылдын бирдин
айында башталган. Биринчи жабдуулар Акмола жана Түркестан облустарынын айылдык
мектептерине берилген. Белгилей кетсек, Казакстан Starlinkти ишке киргизген
Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп саналат.
Досжан Мусалиев,
Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жайы
вице-министри:
- Биз, министрлик
катары, Казакстандын калкын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылуунун
үстүндө иштеп жатабыз. Бирок жетүүгө кыйын, кабель тартуу пайдасыз же дээрлик
мүмкүн болбогон жерлер бар. Мына ошол жерлерде Starlink компаниясы чечим боло
алат.
Которгон: Назира Бегалиева

