Казакстандын жана Орусиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын жана Орусиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Орусиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Владимир Путин жакында Москвада АКШ Президентинин атайын өкүлү менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыдагы жогорку деңгээлде өтүүчү эки тараптуу форматтагы, ошондой эле эл аралык иш-чаралар алкагындагы жолугушуулардын графиги каралды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков