Ооганстан менен соода алмашуу көлөмү артат

Ооганстан менен соода алмашуу көлөмү артат

Казакстан трансооган темир жолдорду курууга катышууга даяр. Аймактык транспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү ата мекендик делегациянын Ооганстанга сапарынын негизги маселелеринин бири болуп саналат. Кеп республиканын «Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар» жана «Герат-Кандагар-Спин-Булдак» темир жол коридорлорун курууга катышуусу жөнүндө болуп жатат. Премьер-министрдин орун басары Серик Жумангариндин айтымында, долбоорду ишке ашыруу жүктөрдү ташуу убактысын жана чыгымдарын кыйла азайтат. Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Казакстан Ооганстандын он негизги соода өнөктөшүнүн бири болуп саналат.

 

Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары:

- Ооган делегациясынын Казакстанга акыркы сапарынын жыйынтыгында эки тараптуу соода жүгүртүүнү 3 миллиард долларга жеткирүү милдети коюлду. Келечектүү долбоорлорду жогорку деңгээлде талкууладык. Биз Ооганстанда транспорт, тоо-кен, коммуникация жана айыл чарба сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетиштик.

 

Ал эми казак-ооган бизнес форумунда жана тематикалык көргөзмөдө 35 ата мекендик компания өз өнүмдөрүн сунуштады. Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар 12 миллион доллардан ашык суммага ун, дан өнүмдөрү жана күн карама майын жеткирүү боюнча келишге кол койду.

 

Ядыкар Ибрагимов, Май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчүлөрдүн улуттук ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы:

- Азыркы учурда 12 май өндүргөн завод Ооганстан менен соода жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Алардын 7си көптөн бери Ооганстанга товар ташып келет. Быйылкы сезондун 6 айында май өнүмдөрүн экспорттоону 3 эсеге көбөйттүк. Алардын ичинен күн карама майын өзгөчө атап өтүүгө болот. Өткөн жылдын 6 айында биз 4,2 миң тонна, быйылкы сезондо 12,5 миң тонна жеткирдик.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков