Өкмөт президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча жалпы улуттук планды жактырды

Өкмөт президенттин кайрылуусун ишке ашыруу боюнча жалпы улуттук планды жактырды

Казакстан өкмөтү президенттин кайрылуу тууралуу улуттук планын жактырды. Ал 8 негизги багыт боюнча 87 иш-чарадан турат. Булар: инвестициялык саясат, өнөр жайды чыңдоо, айыл чарбасы, транспорт жана туризм, турак жай-коммуналдык чарбаны жаңылоо, ишкердикти колдоо, адамдык капиталды өнүктүрүү, ошондой эле парламенттик реформа. Экономикалык блокто Улуттук фонддон жогорку технологиялык секторлорго 1 миллиард долларга чейин инвестициялоо программасын баштоо каралган. Өнөр жайга келсек, бул жерде сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүү жана көмүртек чийки затын терең кайра иштетүү боюнча долбоорлорго басым жасоо пландаштырылууда. 2026-жылдын аягына чейин бардык геологиялык маалыматтар санариптештирилип, жасалма интеллектти колдонуу менен Big Data системасы киргизилет. Ал эми агрардык сектордо жер ресурстарынын санарип картасын жана башкаларды колдонуу мерчемделүүдө.

Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары –улуттук экономика министри:

- Агроөнөр жай комплексин колдоо алкагында 1 триллион теңгеге инвестиция салуу боюнча беш келишим түзүлдү. «Агроөнөр жай комплексине инвестицияга буйрутма» долбоору ишке ашырылууда. Бул демилгенин алкагында үч жылдык мөөнөттө жалпы суммасы 1,2 триллион теңгеге 200дөн ашык долбоор каржыланат.

Олжас Бектенов, Казакстандын премьер-министри:

- Сунушталган Мамлекет башчысынын кайрылуусун ишке ашыруу боюнча жалпы улуттук иш-чаралар планы коюлган бардык милдеттерге жооп берет. Мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери пландын иш-чараларынын сапаттуу жана ө з убагында аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Каржылоо маселелеринин баары ыкчам чечилиши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков