Казакстан улуттук банкы коллекциялык монеталардын кезектеги сериясын чыгарды

Казакстан улуттук банкы коллекциялык монеталардын кезектеги сериясын чыгарды

Өлкөнүн Улуттук банкы "Казакстандын жер казынасы" сериясындагы жаңы коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө чыгарды. Ал Казакстандын жаратылыш байлыктарын ачууга багытталган. Монетанын дизайны Менделеевдин мезгилдик системаны жана жездин химиялык элементинин өзгөчө бөлүгүн камтыйт. Анын номиналы-1000 теңге, тиражы – 1000 нуска. 925 үлгүдөгү күмүштөн жасалган монеталардын ар биринин салмагы 33 граммды түзөт.

 

Дана Магауина, Улуттук банктын банкноттары менен монеталары дизайн башкармасынын башкы адиси:

 

- Бул серия Казакстан жеринин байлыгы темасын ачууга арналган. Сериянын алкагында Менделеевдин мезгилдик системанын химиялык элементтеринен жасалган жаңы технология боюнча күмүш монеталарды даярдоо пландалууда.

 

Эскерте кетсек, буга чейин "Казахстандын мечиттери жана чиркөөлөрү" сериясындагы ASTANA QALASYNYŃ BAS MESHITI  коллекциялык монеталары жүгүртүүгө чыккан. Ал Борбор Азиядагы эң ири мечиттердин бири болгон Астана шаарындагы борбордук мечитке арналган. Ошондой эле "сыйкырдуу символдор" сериясындагы FATIMA QOLY коллекциялык монеталар сатыкка чыкты. Эки монетанын тең номиналы-1 миң теңге.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков