Түрк үй-бүлөсү Анкарадан Астанага көчмөндөр оюндарына автобус менен келе жатат

Түрк үй-бүлөсү Анкарадан Астанага көчмөндөр оюндарына автобус менен келе жатат

Түркиядан Казакстанга Анкаралык үй-бүлө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн өлкөнүн борборунан Астанага атайын «Көчмөн» автобусу менен жол тартты. 40 жаштагы жыгач уста Бурак Дуран жубайы Идил Дуран эки жаштагы уулу Гүнеш Кутлухан менен бирге ата-бабалар ойногон улуттук оюндарды даңазалап, байыртан бери келе жаткан жалпы мурасты даңазалоону максат кылат. Алар Астанага чейин 5400 чакырым жолду артка калтырышат. Түркиядан Грузияга, андан ары Орусияга өткөн үй-бүлө, Татарстан аркылуу Казакстандын аймагына келип жетти.

Бурак Дуран, саякатчы:

- Алгач Түркиядагы көчмөндөр оюндары тууралуу жаңылыктарды жөнөтпөй эле көрүп, кийин дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөөрүн билип, Казакстанга баргыбыз келди. Ошондуктан уюштуруучуларга кайрылдык. Бизге ыраазычылыктарын билдиришип, оюнду көрүүгө чакыруу жиберди. Мына ошентип Казакстанга келдик. Спортчу болуп мелдешке катышпасак да ат менен сейилдейбиз деп ойлойм. Биздин тамырыбыз бир, ошондуктан бул иш-чаранын канчалык маанилүү экенин башкаларга көрсөткүм келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков