2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында казакстандык IT-кызматтардын экспорту 515 жарым миллион долларга жетти. Өткөн жылы ата мекендик IT-чечимдер 690 миллион долларга сатылган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 10 эсе көп. Казакстандык IT-адистери тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча дээрлик бир жарым триллион теңгени түздү. Борбор Азиядагы эң ири технологиялык аянтча болгон Astana Hub тармактын өнүгүшүндө чоң роль ойнойт. Бул жерде стартаптарды колдоо программалары ишке ашырылып, экосистема 1832 компанияны бириктирет. Биринчи жарым жылдыкта резиденттер 368 миллиард теңгеден ашык киреше табышты. Ал эми InDrive, Netcracker, Playrix, Telegram сыяктуу компаниялар менен кызматташуу өлкөнүн глобалдык санарип экономикасына интеграцияланышына өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

