Түндүк Казакстандын археологдору эрте темир дооруна таандык дөбөнү изилдей башташты. Анын бийиктиги 2, диаметри 40 метрге жакын. Археологиялык обьектинин чуңкурунун өзгөчө формасы бар. Бул жерде белгилүү инсандын сөөгү коюлганын адистер айтышууда. Бирок көз караш далилдениши керек. Белгилей кетсек, дөбө 70 жыл мурун табылган. Аны изилдөө учурунда археологдор жылкы сөөктөрүнө туш болушкан.
Жанат Баймүсенов, түндүк Казакстан облусунун тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана колдоо борбору мүдүрүнүн орун басары:
- Дөбө тонолгон деп болжолдонууда. Бирок, бул жердин урап калышы ыктымалдыгын да жокко чыгарууга болбойт. Мындай жагдайлар дөбөдө көп кездешет. Жылкы сөөктөрүнүн калдыктары асты жагына түшүп кеткен. Аттын омуртка сөөгү даана көрүнүп турат. Ары жагынан туяктарды да көрө алабыз. Бул биз тапкан биринчи сөөктөр, ал эми кечээ жылкынын баш сөөгү табылды.
Римма Попович, түндүк Казакстан облусу тарыхый-чөлкөм таануу музейинин бөлүм башчысы:
- Дөбөнү бузуу иштерине эми гана киришти. Азырынча изилдене элек көптөгөн кызыктуу нерселер бар. Ал эми мында күйүктүн тагы калган, балким бул жерде от жагылгандыр. Ал түзүлүшү жана түсү боюнча айырмаланат.
Түндүк Казакстан облусунда бардыгы болуп 436 археологиялык эстелик бар. Алардын көбү дөбөлөр. Ал жерлерде эч кандай изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Азыркы учурда Ботай, Ак Ирий конуштарындагы Кызыл оба күмбөзү жана Байкара ибадатканасы илимпоздордун көңүл чордонунда. Жакында чет элдик окумуштууларды тартуу менен эл аралык көчмө семинар өткөрүү көздөлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков