Казакстандын мугалимдери мамлекеттик тилди үйрөнүүгө арналган платформа ойлоп тапты. Азырынча өлкөдө альтернативасы жок «Onai qazaqsha» тиркемеси сөз байлыгын толуктоого жана тил грамматикасын терең үйрөнүүгө багытталган. Башкача айтканда, тилди казакча эркин сүйлөөгө көндүрөт. Электрондук окутуу системасы ар кандай деңгээлдеги татаал тексттер менен эрежелердин, сөздөрдүн жана сөз айкаштарынын кеңири топтому камтылган сөздүккө негизделген. Ар бир сөз айкашынын казак тилинде аудио коштомосу бар. Үч курс деңгээлин тандоого болот. Онлайн платформа балдарга жана чоңдорго да ылайыкташтырылган. Белгилей кетсек, буга чейин Президент Касым-Жомарт Токаев казак тилин илим жана техниканын тилине айлантууга чакырган.
Махаббат
Боранбаева, мугалим:
- Жалпысынан бул
контентти түзө баштаганда биз бир нече чет тилди үйрөнүүчү ушу сыяктуу платформаларды,
тил үйрөтүүчү контенттерди карап чыктык. Биз аны бардык колдонуучулар үчүн
түшүнүктүү жана оңой кылууга аракет кылдык. Контентти толтурууга казак жана
орус тили мугалимдери катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков