Казактын улуттук кийими трендге айланды

Казактын улуттук кийими трендге айланды

Казакстанда улуттук кийимдерге суроо-талап күч алууда. Өзгөчө, жаштар тарабынан кызыгуучулук жогору, дейт казакстандык чебер Сабира Өткелова. Кол өнөрчү этникалык кийимдердин үлгүлөрүн байыркы ыкма менен жасайт. Анын колунан жаралган ар бир буюмдун тарыхын изилдеп, маани-маңызын сактоого аракет кылаарын айтат. Себеби, такыя, тумак, шөкүлө, кемсал - казактардын көп кылымдык тарыхын, маданиятын, асыл мурасын чагылдырат.

Сабира Өткелова, чебер:
- Биздин казактын кыздары эч качан чүмкөнгөн эмес. Алардын тагынган зер буюмдарынын баары кийимдин астына катылган эмес, тескерисинче көргөзүп жүрүшкөн. Мисалы, бул жасалга - Шашбау деп аталат. Анын үнү алыстан угулуп, кыздын мүнөзү ушуну менен аныкталган.

Сабира Өткелова бычмачылык өнөр тубаса талант экенин айтат. Кичинекей кезинен куурчактарга кийим тигип, бой жеткен соң токуу, кийиз жасоо технологиясын өздөштүргөн. Ал эми улуттук үлгүдөгү баш кийимдерди 15 жыл мурун тигүүгө киришкен. Ошондон бери ал миңдеген буюмдарды жасаган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков