Олимпиададагы брейк-данс жана скейтбордингтен улуттук кураманын кийим үлгүсү даярдалат

Олимпиададагы брейк-данс жана скейтбордингтен улуттук кураманын кийим үлгүсү даярдалат

Буга байланыштуу Астанада дизайнерлердин сынагы башталды. Ага катышууга чеберлер теке айынын 7не чейин арыз бере алат. Айта кетсек, Токиодо өткөн Олимпиаданын программасына биринчи жолу брейк жана скейтборд кирди.

Шерхан Жеңис, Казакстандын спорттук бий федерациясынын башкы мүдүрү:

- Катышуучулардын санына чектөө жок. Жаш курагы да чектелбейт. Негизги тема эми көчө маданияты менен тыгыз байланышта болушу керек. Албетте, заманбап болууга тийиш. Ал эми биз оюм-чийим болобу, стиль болобу, өзүбүздүн казак стилибизди киргизип жатабыз.

Байыржан Сейфуллин, спорттук бий федерациялары бирикмесинин аткаруучу мүдүрү:

- Бүгүн дизайнерлерди тандоо боюнча сынак башталды. Арыздарды кабыл ала баштадык. Жыйынтыгында мыкты тигүүчүнү аныктайбыз. Андан сырткары бизге берилген 5 кийим тизмегин түгөл тигип чыгабыз.  Ошондой эле, теке айынын 28де бизде Urban fashion weekтин жыйынтыктоочу шоу болот. Анда биз бардык 5 финалистти тааныштырабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков