Казакстандагы шайлоо дүйнөнүн көңүл чордонунда

Казакстандагы шайлоо дүйнөнүн көңүл чордонунда

Эгемен Казакстандын жылнаамасындагы жетинчи президенттик шайлоо да аягына жетип келди. Талдоочулар шайлоо өлкөнүн саясий жана коомдук турмушуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келерин баалап жатышат. Алардын пикирин кабарчыбыз Женис Ермуканов угуп кайтты.

Жеңис Ермуканов, кабарчы:

Бүгүн бүт дүйнө Казакстанга көз салып турат. Эл аралык байкоочулар өлкөдөгү президенттик шайлоого карата өз ойлорун түрдүү маалымат аянтчаларында билдиришүүдө. Алардын баары «бул саясий өнөктүктө демократиянын учкуну даана көрүндү» деген бүтүмгө келишти.

Саясий өнөктүк дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көңүл чордонунда. Алардын бири түрк журналисти Мурат Софуоглу өлкөгө шайлоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат таратуу үчүн келген.

Мурат Софуоглу, TRT WORLD, ага продюсер:/Түркия/

Дегеле көп адамдардан, анын ичинде аткаминерлерден, талдоочулардан саясий маселелер боюнча маек курдум. Ошондо мен, эл саясий реформага суусап тургандыгын байкадым. Бул өлкөдө карапайым адамдар көбүрөөк жана жарандардын көпчүлүгү өлкөнүн саясий чечимдерин кабыл алууга салым кошо алышат. Мындан тышкары, Казакстандын жашоочулары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салымын кошушу керек. Бул шайлоо Казакстанды жаңы деңгээлге көтөрүшү мүмкүн.

Ата мекендик серепчилер да бүгүнкү шайлоо бийлик менен жарандык коомдун тыгыз кызматташуусуна жол ачарын айтышууда. Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун кеңешчиси Аскар Нуршанын айтымында, элдин үнүн угууга мезгил жетти. Мындан ары калктын бакубаттуулугун көтөргөн социалдык маселелерге артыкчылык берилип, коомдук процесстерди оптималдаштырууга багытталган бейөкмөт уюмдар үстөмдүк кылат, дейт казакстандык талдоочу.

Аскар Нурша, Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун мүдүрүнүн кеңешчиси:

Бул шайлоонун жыйынтыгы боюнча бийлик жаңы сапатка алмашаарына күбө болобуз. Бизде бир нече талапкер бар. Алардын ар бири мамлекетти өнүктүрүү боюнча өз көз карашын билдирип,  программаларын көрсөтүштү. Бул шайлоодо коомчулук аял талапкерди башчы катары көрө алабы деген суроо пайда болот. Муну да саясий өнөктүк таанытат. Бизде ар кандай саясий жана социалдык тажрыйбасы бар коомдун түрдүү өкүлдөрү да жарышка кошулду.  Өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн эң рационалдуу программаны сунуштаган талапкер гана жеңишке жетет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков