Социалдык аудит жүргүзүү демилгеси колго алынат

Социалдык аудит жүргүзүү демилгеси колго алынат

Казакстанда социалдык аудит ыкмасын киргизүү керек. Мындай демилге ЭКОСАИ экономикалык кызматташтык уюмунун 9-ассамблеясынын катышуучулары тарабынан көтөрүлдү. Адистердин айтымында, бул өзгөртүү программалардын, улуттук долбоорлордун канчалык эффективдүү экенин, жалпысынан өлкө жарандарына кандай пайда алып келээрин көрсөтөт. Анын аркасында мамлекеттик органдардын санариптик системаны канчалык натыйжалуу колдонуп жатканын билүүгө болот.

Наталья Годунова, Республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча эсеп комитетинин төрайымы

- Биз аудиттин акча же ресурстардын кандайча сарпталганын текшерүүгө багытталгандыгына көнүп калганбыз. Кеп адам аудиттин объектисине айланган социалдык аудит жөнүндө болуп жатат. Буга бир нече критерийлер – адам өзүнүн жашоо деңгээлине, кирешесине, ден соолугуна, билимине канчалык канааттангандыгы кирет.

Белгилей кетсек, учурда ЭКОСАИге мүчө 11 мамлекеттин арасында социалдык аудит жүргүзүү маселеси көтөрүлүүдө. Бул экономикалык кызматташтык өлкөлөрүнүн жогорку финансылык көзөмөл органдарынын уюму. Казакстан бул уюмга акыркы 3 жылдан бери төрагалык кылууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков