Актауда сугаттын жаңы ыкмасын ойлоп табышты

Актауда сугаттын жаңы ыкмасын ойлоп табышты

Актауда бак-дарактарды сугаруунун жаңы жолун ойлоп табышты. Ал үчүн кондиционерлердин суусу пайдаланылмакчы. Мындай сунушту шаар тургуну Алексей Джубанов сунуштады. Ал бир көргөндө ойго келбей турган конструкцияны чогулткан. Жабдуу бир нече бөлүктөн турат. Мисалы, ал сплит-системанын түтүктөрүнө пластик түтүктөрдү тартып кошкон. Алар аркылуу суу атайын идишке агып барат. Долбоордун автору ушул сыяктуу идеяларды чет өлкөдө окуп жүргөн кезде көргөн.

Алексей Джубанов, долбоордун автору:

- Малайзияда үйлөрдүн сыртынан кондиционерлерди көргөн жокмун. Бирок ичкери киргенде баарында ушундай сплит-система бар экенин көрдүм. Алар үйдүн тышкы бетин сактоо үчүн ушундай кылышат экен. Мен дагы бүгүнкү күнү биздин куруучулар ушуга көңүл бурса деп ойлойм. Анан кондиционерлерге өзүнчө орун жасап коюшса жакшы болмок. Алардан аккан сууларды чогултуп сугатка колдонууга болот.

Долбоор автору бул курулма көп жагынан пайдалуу экенин айтат. Ашыкча сууну жыйноо ыкмасы үйдүн тышын бүтүн сактайт жана батир тургундарын суунун тамчылаган үнүнөн арылтат. Бардык чогулган сууну жергиликтүү жашоочулар дарактарды сугарууга жумшайт.

Турагал Сатаев, Актау шаарынын тургуну:

- Бул система өтө пайдалуу экен. Ал 5-6 күндө толот. Бизге кантип пайдалануу керектигин түшүндүрүштү. Чорго коюлган кутунун дагы ачкычын беришти. Түтүктөр да коюлган. Эми өзүбүз сугара беребиз.

Саркынды суунун өсүмдүктөргө зыяны жок. Бул тууралуу жергиликтүү ботаникалык бактын адистери билдирди. Ойлоп табуучу атүгүл челек толуп кетсе иштей турган авариялык сууну агызуу механизмин дагы караштырган.

Которгон: Субанбек Исмакеев