Казакстан эл аралык бокс бирикмесинин рейтингинде сап башына чыкты

Казакстан эл аралык бокс бирикмесинин рейтингинде сап башына чыкты

Республика 81 миң упай менен биринчи орунду ээледи. Казакстандан кийинки орунга Өзбекстан жайгашса, Орусия үчүнчү орунда. Бул тууралуу Казакстандын бокс федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, Ташкентте өткөн дүйнө чемпионатында республиканын курама командасы төрт алтын жана бир күмүш байгеге ээ болгон. Өлкөгө жеңишти Санжар Ташкенбай, Махмуд Сабырхан, Асланбек Шымбергенов жана Нурбек Оралбай алып келишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков