Өлкөдө улуттук оюндар челленджи өттү

Өлкөдө улуттук оюндар челленджи өттү

2 миллионго жакын казакстандык окуучу бир убакта чүкө атуу оюнун ойношту. Республикалык улуттук оюндар челленджи өлкөнүн бардык окуу жайларында өттү. Алматыдагы мектептердин биринин окуучулары да «Беш таман жана» «Беш чүкө» акцияларынан четте калышкан жок. Бул окуу жайда улуттук оюндарга болгон мамиле өзгөчө. Анткени мында чүкө, тогуз коргоол сыяктуу ийримдер бар. Мугалимдердин айтымында, мындай масштабдуу иш-чара улуттук баалуулуктарды сактоого жана жаңыртууга, ошондой эле, балдардын өз элинин тарыхына, маданиятына болгон кызыгуусун ойготот. Эске сала кетсек, быйылкы жылдан тарта улуттук оюндар мектеп программасына киргизилген.

Магжан Бихан, окуучу:
- Мен кичинекей кезимден бери чүкө ойногонду жакшы көрөм. Муну мага чоң атам үйрөткөн. Чүкө атуу казактын байыркы улуттук оюну экенин билем. Ал тактыкка, эпчилдикке, тапкычтыкка үйрөтөт. Мен баарын чүкө ойноого чакырам.

Аскар Сарбагысов, Алматы шаарынын Габит Мусрепов атындагы №86 мектеп-гимназиясынын мудүрү:
- Чүкө атуу байыртадан келе жаткан улуттук оюн. Бул казак элинин ажырагыс улуттук салты, ал бизге ата-бабаларыбыздан өтүп келген. Жалпысынан оюндун адамга пайдасы чоң. Биринчиден, ден соолукка оң таасирин тийгизсе, экинчиден, математикалык жөндөмдү өнүктүрөт жана балдарды тактыкка үйрөтөт. Оюн инсандын өнүгүшүнө да салым кошот.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков