Республикада 2022-жылдын баш оона айынын 1не карата 121 миңден көп үй-бүлө, анын ичинде 622 миңден ашык жаран социалдык жардам алды. Ага бюджеттен 83,8 миллиард теңге бөлүнгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди. Белгилей кетсек, жардам үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө жан башына орточо кирешеси региондук жашоо минимумунун 70 пайызынан аз болгон жарандарга каралат. Ошондой эле, жакыр үй-бүлөлөрдөгү жашы жете элек балдарга атайын чаралар бар.
Нурсауле Елеуова, Казакстандын эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин социалдык жардам көрсөтүү департаментинин башкы серепчиси:
- Үй-бүлө курамында жашы жете электерге кепилдик берилген социалдык топ сунушталат. Бул 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарга квартал сайын, белгиленген тамак-аш азыктары менен кошо айына берилет. Ал эми химиялык товарлар кварталына сунушталат. Буга кошумча 6 жаштан 18 жашка чейинкилер үчүн жалпы билим берүү фондунун алкагында кошумча чаралар каралган.
Казакстандын жарандары конкреттүү социалдык жардам алуу үчүн жашаган жери боюнча ишке орноштуруу борборуна, ошондой эле, egov.kz электрондук өкмөт порталы аркылуу кайрыла алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков