Казакстан менен Өзбекстан союздаш мамилелер тууралуу

Казакстан менен Өзбекстан союздаш мамилелер тууралуу

Казакстан менен Өзбекстан Союздаш мамилелер тууралуу декларацияга кол коюшту. Бүгүн Акордада Шавкат Мирзиёевдин борбор калаага мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүлөрү өттү. Алар аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого басым жасап, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бул чындыгында биздин мамилебиздин жаңы деңгээли. Биз көптөн бери стратегиялык өнөктөштүктүн принциптерин жетекчиликке алып келебиз. Ошондуктан бүгүн кол коюла турган документтердин топтому биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкка кошумча түрткү берет деп ойлойм. Мындан тышкары, биз жакын арада соода жүгүртүүнү 3 миллиардга, андан кийин 10 миллиардга жеткирүү боюнча эң күчтүү чараларды көрүүнү биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө тапшырууну макулдаштык.

Өз кезегинде Өзбекстандын башчысы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Шавкат Мирзиёев, Өзбекстан Республикасынын президенти:

- Казакстан көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы алдында сапарыбыздын мааниси терең. Албетте, бул кокустук эмес. Эки элдин кылымдардан бери келе жаткан достугу мындан ары да чыңдалат деп ишенем. Сапарга чейин бир топ иштер аткарылды. Премьер-министрлер жолугуп, форумдарды өткөрүштү – мунун баары жемиштүү өнөктөштүктүн шарты болду. Жылдын аягына чейин товар жүгүртүүнүн көлөмү 4 миллиарддан ашат.

Өзбекстандык делегациянын иш сапарынын алкагында тараптар бир катар келишимдерге кол коюшту. Бул унаа жасоо тармагын камтыйт. Наркы 200 миллиард теңгеден ашык сумманы түзгөн меморандумда ата мекендик автоунаалардын үлгүлөрүнүн ассортиментин көбөйтүү каралган. Ошондой эле, тараптар айыл чарба тармагында кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков