Казакстан менен Société Générale банкы кызматташуу жылдары 17 миллиард доллардан ашык суммага 30дан ашык биргелешкен долбоорду ишке ашырды. Премьер-министр Олжас Бектенов менен эл аралык каржы уюмунун өкүлдөрү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек, азыр бир катар казакстандык компания энергетикалык инфраструктура жана каржы рыногу жаатындагы долбоорлор боюнча банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошону менен бирге, жолугушуунун катышуучулары ESG багыты боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин да көз жаздымда калтырган жок. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Казакстандын өкмөтү өз ара пайдалуу өнөктөштүккө даяр жана өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырууну колдойт.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков