Президентке жаңы Конституциянын акыркы долбоору сунушталды

Президентке жаңы Конституциянын акыркы долбоору сунушталды

Конституциялык комиссия Мамлекет башчысына жаңы Конституциянын акыркы долбоорун сунуштады. Касым-Жомарт Токаев Конституциялык комиссиянын жана Конституциялык соттун төрайымы Эльвира Азимованы, Конституциялык комиссия төрайымынын орун басары – Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Каринди жана Конституциялык комиссиянын мүчөсү – Президенттин укуктук маселелер боюнча жардамчысы Ержан Жиенбаевди кабыл алды. Жаңы Баш мыйзамдын акыркы долбоору Комиссиянын 12 жыйынынын жыйынтыгы боюнча иштелип чыкты. Жаңы Конституциянын тексти өткөн жылдын тогуздун айынан баштап eGov жана e-Otinish порталдары аркылуу жарандардын жана серепчилердин сунуштарынын негизинде даярдалган. Ошондой эле долбоорго парламенттик реформа боюнча жумушчу топ тарабынан тогуздун айынан үчтүн айына чейин иштелип чыккан ыкмалар эске алынган. Эльвира Азимова талкуунун жыйынтыгында Конституциялык комиссия жаңы Конституциянын долбоорун жалпы элдик референдумга алып чыгууну сунуштаганын айтты. Касым-Жомарт Токаев Комиссиянын масштабдуу ишин баса белгиледи. Казакстандын Президентинин пикиринде, жаңы негизги документтин жоболору жаңы конституциялык моделге өтүүнү билдирет. Касым-Жомарт Токаев жакынкы аралыкта жаңы Конституцияны кабыл алуу маселеси боюнча республикалык референдум өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол коёрун билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков