Казакстанда 2026-жылы «E-Joldar» бирдиктүү санариптик платформасы ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында транспорт министри билдирди. Марат Карабаев жаңы платформа автожол тармагындагы санариптик системалардын негизинде түзүлүп, бириктирилерин билдирди. Ал жолдор боюнча маалыматтарды чогултуу жана эсепке алуу системасын камтыйт. Ошондой эле, бул багытты өнүктүрүү жараяндарынын ачыктыгын, ишенимдүү көзөмөлдөө жана жол активдерин натыйжалуу башкарууну камсыз кылат. Башкача айтканда, жол пайдалануучулар менен жооптуу адистердин ортосундагы баарлашуу автоматташтырылат. Министр белгилегендей, жалпысынан атамекендик жол тармагына санариптик технологиялар этап-этабы менен киргизилүүдө.
Марат Карабаев, Транспорт министри:
- Бардык акылуу жол участокторунда «KazToll» жол жүрүү акысын төлөө системасы ийгиликтүү иштеп жатат. 2024-жылы Башкы прокуратуранын ЕРАП системасы менен интеграциялоо аяктап, орто ылдамдык долбоору ишке кошулду. Ошондой эле бул жылы автоматташтырылган өлчөө станцияларынын системасын ЕРАП менен интеграциясы аяктайт. Бул оор жүк ташуучу унааларга карата административдик өндүрүштү оптималдаштыруу үчүн шарттарды түзөт.
Казакстандын транспорт тармагын жакшыртуу үчүн заманбап ата мекендик иштеп чыгууларга артыкчылык берилет. Алсак, Бүгүнкү күндө Astana Hubка бул багытта иш алып барган 24 инновациялык долбоор катталган. Алардын жалпы кирешеси 15 миллиард теңге, ал эми экспорттун үлүшү 1 миллиард теңге. Мисалы, алардын бири жасалма интеллект аркылуу жол шарттарын баалоо мөөнөтүн 4 күндөн 4 саатка чейин кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, КМШ аймагында нейрон тармактарынын негизинде транспорттук логистиканы оптималдаштыруу боюнча жергиликтүү демилге ийгиликтүү ишке ашырылууда. Казакстанда 200 жана дүйнө жүзү боюнча 500 акылдуу унаа токтотуучу жай да ата мекендик долбоордун аркасында ишке ашкан.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Мамлекет башчысы Өкмөттүн кеңейтилген жыйынында инфраструктураны өнүктүрүүнү, анын ичинде транспорттук-логистикалык тармакты жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча жакшы жыйынтыктар бар, бирок темпти жогорулатуу керек. Борбордук Азиядагы негизги транзиттик хаб катары Казакстандын позициясын бекемдөөгө багытталган жаңы долбоорлорду даярдоого киришүү зарыл. Мында каржылоо жана жер участоктору менен камсыз кылуу маселелерин ыкчам чечүү зарыл болот.
Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республикалык жолдордун 94, жергиликтүү жолдордун 91% нормативдик абалга жеткирилет. Ал эми 2027-жылы жолдордун 100% мобилдик интернет менен камтылат.
Которгон: Илгиз Жамалебков

