Казакстан менен Индонезия кызматташтыгын арттырууга ниеттенүүдө

Казакстан менен Индонезия шаар куруу, транспорт, «жашыл» энергетика, билим берүү жана маданият тармактарында 15 долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Жумуш эки өлкөнүн борборлору – Астана жана Нусантара шаарларынын администрацияларынын ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында жүргүзүлөт. Башкача айтканда, боордош шаарлар бир нече долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын биринде Индонезиянын жаңы борборуна ата мекендик адистер тарабынан видео көзөмөл камераларын орнотуу каралган. Жалпысынан келишим тажрыйба алмашууга жана шаарлар ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Астанада эки борбордун боордоштугунун бир жылдыгына арналган иш-чарада тараптардын өкүлдөрү билдиришти.

Мохамад Фаджрул Рахман, Индонезиянын Казакстандагы элчиси:

-Бир жылдын ичинде бир топ иштер аткарылды. Казакстандан үйрөнө турган нерселерибиз бар. Индонезиянын мурдагы борбору Жакартада калктын санынын өсүшүнө байланыштуу борборду Нусантара шаарына көчүрүү чечими кабыл алынган. Муну менен биз Казакстандын тажрыйбасын кабыл алууга даярбыз.

Жанара Нугуманова, Астана шаардык акимиатынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы:

-Ошондой эле борборлордун ортосунда бизде билим берүү жагынан студенттерди алмашуу көздөлүүдө. Ошондой эле бул жерде кызык. Анткени Нусантара жунгли токойлорунун арасында курулган. Башкача айтканда, биздин тажрыйбабыз жана алардын тажрыйбасы бизге абдан кызыктуу болот. Биргелешкен долбоорлор, тактап айтканда, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, урбанистика, коммуналдык чарба жаатында болушу мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков